Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги Кызыл-Аскер конушунда жайгашкан бала бакчалардын биринде аял киши кичинекей баланы коркутуп, урушуп жаткан видео тараган.
Видеодон баланын жылаңач экенин жана ал "чаппа" деп суранып ыйлап жатканын көрүүгө болот. Бул боюнча видеодогу аял киши баланын өз энеси экенин жана баласына тарбия берүү максатында урушканын айтып, кайрылуу жасады.
"Мен видеодогу баланын апасы болом. Баланы урушуп жаткан менмин. Балам бала бакчадан туура эмес иш кылды. Жылаңач болуп алып, кыздарга "чочошкасын" көрсөтүп жаткан экен. Мен аны тарбиялык мааниде эле урушкам. Балам аябай эрке, тие электе эле ыйлайт.
Көп киши үчүн туура эмес кылдым. Бирок мен дагы энемин да, билип жатам, силердин да жүрөгүңөр ооруп жатат. Балам эми ошондой ишти кылып жатса, мунун келечеги кандай болот деген мааниде ушундай кезинде урушуп коёюн, үйгө баргыча унутулуп калбасын дегем. Туура, эки жолу чапкам. Кечирим сурайм. Азыр бизде баары жакшы. Сарсанаа болбоңуздар.
Мен ошол учурда баламды тарбияга салып калайынчы деген ой менен эле урушкам. Ар бирибизде эле бала бар. Энедей эч ким болуп бере албайт. Мен баламды аябай жакшы көрөм. Баламды өлдү-өлдү болуп төрөгөм, баласы жок жашай албайм. Түшүнүп жатасыңарбы? Көрүп-көрбөй, билип-билбей видео таратканыңарды токтоткулачы, сураныч", - дейт ал.