Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналынан 37 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Буга чейин ушул жылдын 12-июнь күнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Элебесов көчөсүнүн тушунда Чоң Чүй каналына 1985-жылы туулган И.Е. аттуу аял киши чөгүп кеткени тууралуу кабарланган.
Бүгүн, 19-июнда издөө иштеринин натыйжасында, саат 13:05те маркумдун сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.
"Издөө иштерин жүргүзүүгө саат 10:15те Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 4, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 3, жалпы 11 куткаруучу тартылган", - деп жазылат маалыматта.