Ошто аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары "Алтын-Балалыкка" жөнөтүлдү

Ош шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлдөгү балдар лагерине жөнөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"18-июнь күнү Ош шаарынын мэриясы турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнүн алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 25 баланы (анын ичинде жетим жана жарым жетим балдар) Чолпон-Атадагы “Алтын Балалык” санаториясына жөнөтүштү", - деп жазылат билдирүүдө.

Балдар ал жерде 10 күн болуп, аларга керектүү жардам, анын ичинде медициналык жана реабилитациялык колдоо көрсөтүлөт.

Бул санаторияга 25 баладан эки агым жөнөтүлөт. Экинчи агым 29-июнда башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан