Биз социалдык тармакта

Соңку аптада өлкөдө 19 миң жол эрежесин бузуу аныкталды

Акыркы аптада республикада 19 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алардын ичинен:

- белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3 714;
- тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 200;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5 773;
- Авто ээн баштык – 6;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1 271;
- жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6 906;
- терезелери караңгылатылган унаа башкаргандыгы үчүн – 19;
- мас абалындагы унаа башкаргандар – 237.

Унаа токтотуучу жайга коюлган унаалардын саны 900.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин бузбоого чакырат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан