
20-21-июнда Минск шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.
Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, жыйынга Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, интеграциялык бирикменин байкоочу мамлекеттеринин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.
Күн тартибинде электрондук соода, бажы кызматташтыгы маселелерин талкуулоо, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчёт каралган.
"Өкмөт башчылары ошондой эле товарларды идентификациялоо жолу менен маркировкалоону киргизүү, өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарында кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттеринин программасы талкууланат", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Белгилей кетсек, 21-июнда Минск шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезексиз жыйыны да өтөт.