Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин уулу, 18 жаштагы Тимурландын уурулук кылмышына шектелип кармалганы айтылган. Муну бүгүн, 2-декабрда маалымат булактарынын бири жарыялаган. Бул маалыматты Бишкек ШИИББи тастыктады.
Маалыматка караганда, 1-декабрда “Унаа-ууру” рейди жүргүзүлүп, анын натыйжасында 18 жаштагы Т.Тимурлан, 17 жаштагы М.Самидин, 18 жаштагы А.Фарух, 17 жаштагы М.Эрнист кармалган. Алар, Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөктөрүн уурдап жаткан жеринен кармалышкан.
Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда Ташиев Тимурландын башкаруусундагы Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен 8 кирпич, дөңгөлөктүн 20 тирөөч болту, 3 баллондуу ачкыч жана домкрат табылган.
Учурда бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.