Селден тазалоо иштери жүрүүдө. Кызыл-Кыяда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди

Кызыл-Кыя шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.

Андагы маалыматка караганда, өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына келди. 18-июнь күнү саат 18:00 чамасында нөшөрлөгөн жаандан улам И.Жусубалиев, Ударная көчөлөрүн сел суулары каптап, 24 турак үйдүн короосуна, 17 турак үйдүн ичине жана жертөлөсүнө, социалдык объектилердин короолоруна кирген.

Учурда сел сууларынан тазалоо иштерине ӨКМдан жалпы 117 куткаруучу тартылып, жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Министр Ажикеев шаар тургундары менен жолугушуп, жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берүү менен, тиешелүү чаралар кабыл алынгандыгын билдирди.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан