Ысык-Көлдө жылдыздардын коштоосунда энергетиктердин корпоративи орун алды

Ысык-Көлдө электр тармагында эмгектенген кызматкерлердин белгилүү эстрада жылдыздары коштогон корпоративдик кечеси орун алды. Бул тууралуу видео интернет желелеринде тарады.

Ага ылайык, корпоративдик кече энергетиктер арасында республикалык спартакиаданын жыйынтыгына байланыштуу уюштурулган. Анда майрамдык салют атылганын дагы көрүүгө болот.

Корпоративге белгилүү ырчылар Самара Каримова, Рыскелди Осмонкулов жана башкалар катышкан.

Белгилей кетсек, энергетиктер арасында республикалык спартакиада 17-19-июнь күндөрү өттү. Мелдеш спорттун кичи футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол түрлөрү боюнча өтүп жатат. Спартакиада Кыргызстандын энергетиктеринин арасында биримдикти жана достукту бекемдөө жана кыргызстандыктар арасында спортту жайылтуу максатында уюштурулган.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан