Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев "атам" деп сүрөтүн жарыялаган кыздын видеосу жалган болуп чыкты

Тик-Ток социалдык тармагынын meerim_kn аттуу колдонуучусу өзүнүн жашоосу тууралуу бир катар видеолорду жарыялап, Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевди атам деп тааныштырган.

Видеодон кыздын кымбат баалуу унааны айдап бара жатканын көрүүгө болот. Ал бир адамдын жүзүн стикер менен жаап, ошол эле учурда ал кишини атам деп билдирген. Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөттөгү адам вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев экенин таанышкан.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин жубайы журналисттерге комментарий берип, видеодогу кыз анын кызы эместигин билдирди.

"Бул менин кызым эмес. Менин 4 балам бар. Улуу кызым турмушка чыккан. Кичүүсү мектепти аяктап жатат, көркөм гимнастика боюнча спорт чебери, Бишкек шаарынын төрт жолку чемпиону. Ошондой эле 12 жана 7 жаштагы эки уулум бар", - деди депутаттын жубайы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан