Бишкектеги Перинаталдык борбор күзгө чейин бүткөрүлөт (сүрөт)

Бишкек шаарында Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна караштуу Перинаталдык борбордун курулуш иштери аяктоо алдында турат.

Аталган борбордун жаңы имаратынын курулушу Түркиянын "Тек-Имаш" курулуш компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Курулуш жана жасалгалоо иштери дээрлик 97 пайызга бүткөрүлүп, тышкы тармактарды туташтыруу, асфальттоо иштери, жаңы имаратта жабдууларды жана эмеректерди орнотууга байланыштуу майда иштер калды.

Кыргызстан менен Германия өлкөсүнүн (KFW) ортосундагы эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташтыктын алкагында ишке ашырылып жаткан бул долбоордун тендердик документтерди баалоосу ушул жылдын 30-мартында аяктаган.

Жалпы бюджети 13 миллион еврону түзөт, каражатты Германия өнүктүрүү банкы бөлгөн.

Курулган имаратта 10 төрөт бөлмөсү, 3 операциялык бөлмө, чоңдор үчүн 12 орундуу, балдар үчүн 20 орундуу жандандыруу бөлүмдөрү, стерилизация жана кир жуучу бөлүмдөрү бар.

Саламаттыкты сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков аталган борбор күзгө чейин бүткөрүлөрүн билдирди.

"Бул Перинаталдык ультра-заманбап борбордун бардык курулуш материалдары, жабдуулары Германиядан, Франциядан, Түркиядан алып келинген, ошол үчүн кымбат. Ал эми биздин мамлекеттик сатып алуу мыйзамына жана көрсөткүчтөрүнө дал келбестиктер болгону үчүн 2-3 жылдан бери долбоордун иши токтоп турган. Жакынкы арада кабыл алуу бөлүмүн жасап, толук ишке киргизебиз", - деди Касымбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан