Өлкөдөгү 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 7-июлда тапшырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине байланышканыбызда маалымдашты.
Министрлик берген маалыматка ылайык, 9-классты бүтүп жаткан окуучулар күбөлүктөрүн 5-июлда алышат.
Белгилей кетсек, былтыр окуу жылы 15-сентябрда башталган, ага байланыштуу акыркы коңгуроо салтанаты 9-июнда өттү.