Эл аралык турнирде ИИМдин Ички аскерлери 1-орунду багындырды

Аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык турнирде ИИМдин Ички аскерлеринин №714 аскер бөлүгү 1-орунду багындырды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-19-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы “Мен патриот” аталышындагы Аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык турнир өттү. Эл аралык турнир Баткендеги чек ара окуяларында курман болгон аскер кызматчыларынын жаркын элесине арналган.

Спорттук иш-чарага Орусия, Казакстан, Өзбекстан баштаган бир катар мамлекеттерден спортчулар келген. Ага ИИМдин Ички аскерлеринин №714 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары дагы катышып, спорттогу тажрыйбалуулугу менен мыкты көрсөткүчтөргө жетишишип, командалык эсеп менен 1-орунду багындырышты.

1-орунду:

  • 60 килограмм салмак категориясы - сержант М.Черикбаев;
  • 65 килограмм салмак категориясы - улук лейтенант О.Аширбеков;
  • 80 килограмм салмак категориясы - кенже сержант Б.Мукашев ээледи.

2-орунду:

70 килограмм салмак категориясы - кенже сержант Толок уулу А.

3-орунду:

  • 70 килограмм салмак категориясы - кенже сержант Суеркул уулу А;
  • 75 килограмм салмак категориясы - кенже сержант Торобек уулу У;
  • 90 килограмм салмак категориясы - кенже сержант Сайырбек уулу К. ээледи.

Ошондой эле мелдештин мыкты машыктыруучусу грамотасы менен капитан А.Темиралиев, аскердик кармашып урушууда мыкты техниканы көрсөткөндүгү үчүн грамотасы менен улук лейтенант Рахатбек уулу А. сыйланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан