Бир жылда 540 адамдын сөөгү Кыргызстанга жеткирилген

Былтыркы жылы (2021-жылы) Кыргызстанга 540 адамдын сөөгү жеткирилген. "Жүк-200дү" алып келүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 45 миллион 270 сом бөлүнгөн. Мындай маалыматты бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңштин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Азиз Мадмаров билдирди.

Тышкы саясий ведомствонун өкүлү 2022-жылдын январь айынан баштап өлкөгө 258 адамдын сөөгү жеткирилгенин, ага 25 миллион сом сарпталганын кошумчалады.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүнкү күндө 1 миллион 118 миң Кыргыз жараны миграцияда, анын көбү Орусияда экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан