Жалал-Абад шаарынын Л.Бакирова көчөсүн кеңейтүү иши жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.
Анда жазылгандай, Л.Бакирова көчөсүндө тротуарга чыгып кеткен эки курулуш аныкталып, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан турак жай ээлерине эскертүү берилип, тосмолор буздурулуп жатат.
Алдыда аталган көчөгө жаңыдан асфальт төшөлүп, темир-бетон арык жана тротуар курулат. Курулушту мэриянын алдындагы тийиштүү мекемелер жыл башында жолдорду оңдоп-түзөө, тротуар куруу жана темир-бетон арыктарды жаткырууга бөлүнгөн каражаттын эсебинен жүргүзүшөт.
Белгилей кетсек, Л.Бакирова көчөсүнүн узундугу 315 метрди түзөт. Аталган көчөнү кеңейтүү ишин ушул жылдын август айына чейин бүткөрүү пландалган.