Министр аз камсыз болгондорго жөлөк пул берүү менен гана чектелип калбоону белгиледи

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ысык-Көл облусунда социалдык кызматтардын сапатын текшерип, Каракол шаарынын социалдык кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр айдын башында Ысык-Көл облусу боюнча мамлекеттик жөлөк пулду алчулардын саны 32 миң 279 адам экенин белгиледи.

"Быйылкы жылга облусту социалдык камсыздоого 1 миллиард 211 миллион 628 миң 400 сом, анын ичинде социалдык төлөмдөргө 1 миллиард 97 миллион 662 миң 900 сом каралган. Жыл башынан бери 522 миллион сомдон ашык каражат каржыланган, анын ичинен жарандарга төлөмдөр 470 миллион 846 миң 826 сомду түзгөн. Каржылоо президенттин үч жарлыгы чыккандан кийин көбөйдү - өткөн жылдын октябрь айында, ушул жылдын январь жана июнь айларында мамлекеттик жөлөк пулдар жана ар кандай төлөмдөр 100 пайыздан 200 пайызга чейин жогорулады", - деп билдирген министр.

Ошондой эле ал облус боюнча 6 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө жөлөк пул алышарын кошумчалады.

"Бул жөлөк пул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарын колдоо үчүн бир жылга берилет. Июнь айында мамлекет башчысынын жарлыгы менен жөлөк пул 7 жылда биринчи жолу 50 пайызга көбөйтүлүп, бүгүнкү күндө бир бала 1200 сомдон жөлөк пул алат. Бирок биз жөлөк пул берүү менен гана чектелбешибиз керек. Үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан алып чыгуу боюнча активдүү чараларды киргизүү - ишке орноштуруунун жолдорун табуу, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартуу иштерди уюштуруу зарыл", - дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан