Марат Казакпаевдин жана банкирдин өлүмү боюнча комиссияны Байсалов жетектейт

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү жана "Айыл банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өзүнө кол салуу фактыларын изилдөө боюнча жумушчу комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектейт. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тарабынан маалым болду.

Белгилүү болгондой, жумушчу комиссиянын курамына Марат Казакпаевдин, Бакыт Асанбаевдин жакын туугандары, акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.

Белгилей кетсек, 9-июнда Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилип, комага түшкөн. Серепчи 10-июнда №1 шаардык клиникалык ооруканасында көз жумган. Ага геморрагиялык инсульт деген диагноз коюлган.

Ал эми 18-июнга караган түнү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев УКМКнын тергөө абагында асынып алгандыгын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан