Ош шаардык кеңештин "Улуттар биримдиги" фракциясынын депутаты Шайлообек Атазов соттолду

2013-жылдын 29-ноябрында Ош шаардык соту шаардык кеңештин "Улуттар биримдиги" фракциясынын депутаты, шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы, кикбоксинг боюнча дүйнөнүн жана Кыргызстандын 5 жолку чемпиону  Шайлообек Атазовду 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Соттун бул чечими Борбордук шайлоо комиссиясына жетери менен Шайлообек Атазов депутаттык мандатынан ажыратылат. 

Ага өзү жетектеген ишкананын мурунку жетекчиси чыгарган чечимди аткаргандыгы үчүн айып тагышты. Мындан сырткары Ош шаардык кеңешинин "Улуттар биримдиги" фракциясынын 5 депутатына каршы ар түрдүү кылмыш иштери ачылды. 

Буга чейин "Улуттар биримдиги" фракциясынын дагы бир депутаты Ишматов Хажинаби да укук коргоо органдарынын кысымынан кийин жүрөгү кармап каза тапкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан