Казино боюнча мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда жактырылды

Жогорку Кеңештин бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитети казино жана кумар оюндарын легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун карады. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, комитет экинчи жана үчүнчү окууда мыйзам долбоорун жактырды.

"Бул мыйзам долбоору эки окууда жактырылды. Бирок мен каршы добушумду бердим. Аталган мыйзам долбоору онлайн казинолордун ачылышына, кумар оюндарын күнү-түнү жарнамалоого уруксат берет", - деди ал.

Мыйзам долбоору эми парламент жыйында каралып, добуш берүүгө коюлат.

Белгилесек, Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө кумар оюндарын мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Кийинчерээк Ак Үйдүн алдында бир нече адам казино ачуу демилгесине каршы пикирин билдирип чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан