Бишкекте кургак учукка каршы жаңы ооруканага акча бөлүнбөй, ишке кирбей турат


Бишкекте шаардык кургак учукка каршы жаңы оорукананын ишке кириши үчүн мамлекеттен 11 миллион сом бөлүнүшү керек. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Тамара Баялиева айтты.

Ал белгилегендей, имараттын курулушу 2020-жылдын март айында башталып, октябрь айында аяктаган. Жалпы бюджети 6,5 миллион еврону түзөт, анын 5,5 миллиону Германия өнүктүрүү банкынан берилген. Медициналык жана медициналык эмес жабдууларды сатып алуу боюнча тендер өтүп, учурда анын жыйынтыгы банкта каралып жатат.

"24-майда эл аралык тендер болду. Ага Германиядан адистер келген. 600 миң еврого тендер өткөрдүк, 100 миң евро үнөмдөлүп, ага кайра тендер жарыяланган. 10-июнда сынактын жыйынтыгы Германия өнүктүрүү банкына жөнөтүлдү. Ушул аптада жактырылса, жеңүүчү деп табылган эки фирма жабдууларды орнотуп, медицина кызматкерлерди окутат.

Кыргыз тарап 130 миң еврого жабдууларды сатып алышы керек. Сомго которгондо 11 миллион сомдой акча болот экен. Каржы министрлигине кат жазганбыз, алар кайрылууну карайбыз деп жооп беришти.

Долбоордун алкагында Кыргызстан да өз салымын кошушу керек. Жалпысынан 1 миллион 150 миң еврону түзөт. Бирок мынчалык коротуу болгон жок", - деди башкы дарыгер.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эки кабаттуу, 128 керебет-орундуу оорукананы көрүп чыгып, мындай Перинаталдык борборлор 3-4 жыл мурун эле курулуп бүтүшү керек экендигин белгиледи.

"Бул ооруканалар эбак эле курулуп бүтсө, балким жүздөгөн балдар тирүү калмак. Мындай борбор дүйнөлүк стандартта жок. Учурда кол койчу жерге кол коюп, жоопкерчиликти алышыбыз керек. Бул өлкө башчынын да, элдин да талабы", - деди Байсалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан