Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочулары Корея Республикасында сезондук айыл чарба иштерине 5 айга чейинки мөөнөткө ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай маалымат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан белгилүү болду.
Белгилүү болгондой, ушул жылдын 21-апрелинде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борбору Корея Республикасына айыл чарба тармагында сезондук жумуштарга Кыргыз жарандарын ишке орноштуруу жөнүндө келишим түзгөн. Ага ылайык, Корея Республикасынын Хамянг шаарынын мэриясы жана Ош облусунун Өзгөн районунун администрациясы ортосунда кол коюлган.
"Өзгөн районунун администрациясы Хамянг шаарынын талаптарына ылайык тандоо жүргүздү. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча Өзгөн районунун 62 тургуну тандалып, министирликтин борборунун көмөгү менен эмгек визалары алынды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 20-июнда Өзгөн районунун тандалган тургундарын Корея Республикасына жөнөтүү боюнча салтанаттуу иш-чара өткөрдү.
Жарандар 21-июнда Бишкек-Инчхон маршруту боюнча чартердик рейс менен учуп кетет", - дешти министрликтен.
Кыргыз Республикасынын башка облустарынын жана райондорунун жашоочулары үчүн ушундай эле макулдашууларды түзүү максатында министрликтин борбору Корея Республикасында өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча ишин улантууда.