24 саат бою манас айтылат. Таласта улуттук форум-фестиваль өтөт

Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылындагы Кочкор-Ата жайлоосунда "Куттуу элдин урааны - "Манас" аталышындагы улуттук Талас форум-фестивалы өтөт. Иш-чара 24-25-июнда болорун Кыргыз улуттук "Манас" театрынан кабарлашты.
Аталган иш-чарада манасчылар жыйырма төрт саат бою улуу баянды айтып, ак таңдай төкмө акындар, дастанчылар калың элдин жарпын жазып, өнөрлөрүн тартуулайт.
Андан тышкары "Манас" эпосу тууралуу пикир алышуу болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан