Ак-Ордодо мамыга байланган кишинин окуясы. Жергиликтүү тургундар аны уурулукка шектүү деп кармашкан

Сокулукта мамыга байланган кишини бир топ адам "ууру" деп атап жаткан видео интернет желесине тарады. Анда байланып турган кишиге ууру деп жазылган баракты скотч менен чаптап койгонун көрүүгө болот.

Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан учурда окуянын жагдайлары териштирилип жатканын билдиришти.

Маалым болгондой, окуя бүгүн, 20-июнда болгон. Саат 16:00 чамасында Сокулук РИИБине билдирүү түшүп, анда жергиликтүү тургундар уурулукка шектүүнү кармашканы кабарланган.

"Жерине барган ыкчам тергөө тобу Ак-Ордо конушунда телефон жана башка буюмдарды уурдоого шектүүнү жергиликтүү жашоочулар кармап, мамыга байлап койгонун аныкташты. Бул факты каттоого алынды.

Ал эми окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн 1965-жылы туулган Е.Ф. Сокулук РИИБинин тергөө кызматына алып келинди. Учурда милиция кызматкерлери бардык тиешелүү иштерди жүргүзүүдө", - дешет мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан