“Жогорку Кеңешке өтпөй калган 20 саясий партия шайлоо системин өркүндөтүүгө кызыкдар”. Муну Бишкекте бүгүн, 2-декабрда шайлоо системин өнүктүрүү жолдору талкуулаган жыйында президенттик аппараттын башчысы, шайлоо системин өнүктүрүү үчүн түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы Данияр Нарымбаев айтты.
Ал Кыргызстанда 188 саясий партия бар экенин билдирди. “Коомдук угууга катышуу үчүн бардык партияларга чакыруу жиберилди. Бирок 92 партиянын дареги табылбай, чакыруулар кайтып келди. 20 партия шайлоо системинин жаңы ыкмаларына кызыкты”,- деди ал.