Ош шаарында 174 гектар жер трансформацияланып, 815 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлигинин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемеси өзү билип курулган участокторго укукту күбөлөндүрүүчү документтерди берүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.
Маалымат үчүн: Буга чейин Оштогу Жапалак айыл аймагына караштуу Мээркан айылындагы жашоочуларга үйлөрдүн техникалык паспорттору тапшырыла баштаган.