SUPER.KG порталы чет өлкөдө эмгектенип жүргөн журтташтардын бейнесин ачып, чет жерге болгон сапары тууралуу баяндап берүүнү улантат. Бул жолу порталыбызга Улуу Британиянын Тонбридж районунда жашап, айыл чарба жаатында эмгектенип жаткан Атахан Нурдин уулу изги тилектери, ал жакта иштөө үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу ой бөлүштү.
- Атахан мырза, Англияга кайсы программа менен барып калдыңыз?
- Буга чейин Москвада такси кызматында эмгектенип келгем. Күзүндө досум "Англияга кетпейлиби, иштөөгө жолдор бар экен" деп айтып калды. Андан соң Улуу Британиянын «Agri-HR» программасына документтерди толтуруп баштадык. Досум былтыр күзүндө кетти, мен шартка байланыштуу кете алган жокмун. Кайрадан январь айынан баштап «Agri-HR» программасына документтерди чогултуп аракет кыла баштадым. Ошентип билдирмелерди тапшырып, компания менен келишим түзүп бул жакка 6 айлык сезондук жумушка келип калдым. Лондонго жакын Тонбридж районунда жашайм.
- Ал жакта эмне жумуш менен алектенип жатасыз?
- "Adrian scripps" деген фермага келдим. Ал фермада негизи алма өстүрүшөт. Бир аз карагат бар. Фермада 150дөн ашык гектар жерде алма багы жайгашкан. Биздин өлкөгө салыштырмалуу бул жакта жалаң карлик сортундагы алмалар өстүрүлөт. Бир түптөн 30-40 килограммга чейин түшүм алышат экен. Аралыктары 1 метрдей болот. Тамчылатма система менен алмаларды сугарабыз. Көпчүлүгү дарылар менен өстүрүшөт.
Алмаларды бутап, жаңы алмаларды тиктик. Алмалар азыр быша элек. Августтан баштап эрте бышкан алмалар быша баштайт. 4 ай (август, сентябрь, октябрь, ноябрь) сезон болот. Ошол убакта жакшы иштеп алууга ниеттенип жатабыз. Ким канча алма терсе, ошого жараша киреше тапса болорун фермадагылар айтып жатат.
- Иштеп, жашоого кандай шарттар түзүлгөн? Компания менен түзүлгөн келишимде айтылгандай чыктыбы?
- Бул жакта жашоого жакшы шарттар түзүлгөн. Ар бир ферманын өзүнө тиешелүү шарттары болот. Ысык-муздак суу, душ бар. Жатакананын ичинде 4 бөлмө жайгашкан. Ар бир бөлмөнүн өзүнчө ашканасы бар. Бир бөлмөдө 8ден адам жашайбыз.
Мен Англияга Москва аркылуу келдим. Анда бул жактагы жумуш тууралуу баарын түшүндүргөн. Туура эле айтылгандай болду.
Фермадагы жумушчулар жашай турган жатаканалар
(карабандар).
- Англияга баруу үчүн англис тилин канча убакытта үйрөнө алдыңыз?
- Бул жакка келип жатканда англис тилин сураган жок. Орус тилин билсең келгенге мүмкүнчүлүгүң бар. Бирок жетекчилердин баары англис тилинде сүйлөшөт. Телефондогу "переводчиктин" жардамы менен баарлашып жаттык. Кээ бирде КМШдан келген балдар котормочу болуп беришет. Жумасына бир жолу жарым саат англис тилин окуп жатабыз. Кудайга шүгүр, азыр бир аз болсо да англис тилин үйрөнүп калдык. Жумушка байланыштуу оюбузду айта алабыз.
- Сонун, ал эми Лондондогу мекендештер менен жолугуп турасызбы?
- Бул жакта көп жылдан бери иштеп келген мекендештер бар. Жакындарыбыз менен Лондондо жолугуп, футбол ойноп турабыз.
- Өлкөбүздө жумуш орундары аз. Көпчүлүк мекендештер чет жерлерге чыгып жаткан кези. Мекенден сыртка чыгып жаткан жаштар эмнелерди эске алып, эмнелерге даяр болушу керек?
- Азыркы убакта кыргыздар чет өлкөгө айла жоктон кетип жатат. Көпчүлүгү Москва, Корея, Түркия жана башка жактарда эмгектенип жатышат. Учурда көп маяна төлөй турган АКШ, Корея, андан кийин Англия турат. Бул жакта биз орточо 1800 доллар айлык алабыз. Батирге жумасына 60 фунт (6 миң сом) беребиз. Тамак-ашты өзүбүз сатып алабыз. Мындан тышкары салык төлөйбүз.
Кыргыздар Улуу Британияга кулпунай, алма фермаларына келип иштеп, алардын техникаларын үйрөнүп Кыргызстанга дагы ушул сыяктуу фермаларды ачса деген максатым бар. Биз дагы алма өстүрүү фермасында иштегендиктен аны өстүрүүнү билип калдык. Кыргыздар бул жакка келип иштеп эле кетип калбай жаңы нерселерди үйрөнүп кетсе. Үйрөнгөн нерселерди турмушта колдоно билсе деген ой болот.
- Англия менен Кыргызстандын тамак-аштарында кандай айырмачылыкты баамдай алдыңыз? Баалар бизге салыштырмалуу кымбатпы?
- Өзгөчө деле айырмачылыктарды байкай алган жокмун. Бул жакта чочко, уй, кой эттери кымбат. 1 килограммы 1000 сомдун тегерегинде болуп калат. Кээ бир азыктар Кыргызстанга салыштырмалуу арзан, кай бирлери кымбат.
- Сизди окуп жаткан бир топ кыргыз кыз-жигиттери Европа өлкөлөрүнө барып ырыскы издөөнү максат кылары анык. Кандай кеңештерди айтасыз.
- Мекендештер сыртка чыгып жатканда эң биринчи ден соолугуна кам көрүп келиши керек. Кудай сактасын, элибизде "Жаман айтпай жакшы жок" дейт башка өлкөгө барганда эле ооруп калса жумуштан жок же тапкан акчасы жок кыйналып калышат. Кайсы гана жумушка кирбе ишти жоопкерчилик менен так аткарып, жакшы иштөө зарыл. Кайсы мамлекетте жүрбө ал жактын мыйзамдарын сыйлоо абзел. Бул жакта 6 айлык жумуш. Кээ бирөөлөр 3 айдан кийин жумуш оор экен деп Лондонго качып кеткендер дагы жок эмес.
- Кызыктуу жана пайдалуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат!