Нарында катуу сабалган баланын ишин акыйкатчы өз көзөмөлүнө алды

Нарын облусунда карындашын коргойм деп катуу сабалган жигиттин иши боюнча кошумча медициналык экспертиза дайындалышы талап кылынат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, акыйкатчынын наамына С.К. аттуу жаран карындашына болушкан уулу Ж.К.ны ур-токмокко алган балдардын тобуна карата тергөөнүн аракетсиздиги боюнча арызданган.

"Ур-токмоктун натыйжасында уулу 2 айдан ашык убакыттан бери Улуттук госпиталда стационардык дарыланууда.
Иштин жагдайын иликтөө максатында Акыйкатчы аппаратынын кызматкери быйылкы жылдын 18-июнунда Нарын облусуна иш сапары менен барды. Окуя Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында болгон.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкери Нарын облусунун прокурору менен жолугушуп, аталган окуяны иликтөө боюнча прокурорго жабырлануучунун ден соолугунун учурдагы абалын эске алуу менен кошумча комиссиялык экспертиза жүргүзүү зарылчылыгы боюнча жүйө келтирди, анткени буга чейинки корутундуда анча оор эмес жаракат алган деп берилген, бирок баланын абалы ушул күнгө чейин оор бойдон калууда.

Ошондой эле ал Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы жана штаттык бирдиктеги психолог менен жолугушту. Жыйынтыгында бул маселе ички иштер башкармалыгынын башчысынын жеке көзөмөлүнө алынды. Ал эми психологго жабырлануучунун жашы жете элек карындашына кошумча психологиялык жардам көрсөтүү сунушталды", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан