Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын директору болуп Айнура Арстанбекова дайындалды. Бул тууралууу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Ошондой эле калаа башчынын буйругуна ылайык, Ленин райондук билим берүү борборунун жаңы жетекчиси болуп Таалайгүл Темирканова дайындалды.