SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Алмазбек Козубаев.
Козубаев Алмазбек Артизбекович 1983-жылдын 3-мартында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Жетиген айылында туулган. Мектепти аяктаган соң 2001-2005-жылдары Бишкектеги Чүй университетинин филология факультетин бүтүргөн. 2005-2006-жылдары Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунда магистратурада окуган. 2006-2007-жылдары Бишкектеги №51 мектепте мугалим болуп иштеген. 2009-2015-жылдары Орусиянын ар кайсы шаарларында миграциялык турмушту баштан кечирген. Учурда Ош шаарында эмгектенет. "Поэзия Ордосу" көркөм-адабий коомдук бирикмесинин талдоочу мугалими жана адабий сынчысы. Кыргызстан аксакалдар кеңеши тарабынан уюшулган Чыңгыз Айтматов атындагы төш белгинин ээси. Эл аралык "Янги Овоз" акын-жазуучулар жана тарыхчылар союзунун мүчөсү. "Туран биримдиги" эл аралык акын-жазуучулар жана тарыхчылар союзунун "Мыкты калемгер" төш белгисин алган. Поэзия Ордосунун "Алтын Калем" номинациясынын жеңүүчүсү, ошондой эле ар кыл чыгармачылык багыттагы бир нече грамота, дипломдордун ээси.

***
Жашоону - мезгил күтпөй учурууда,
Сапталып келдим өмүр учугуна.
Турмуштун кооз саймасын жаратсам дейм,
Жеткенче тырс үзүлөөр учуруна.
Бактыбыз берилчүдөй эселенип,
Кең көрүп келечекти, кете берип.
Шашканбыз чоң турмушка балалыктан,
Кыялкеч үмүттөргө жетеленип.
Убакыт токтотпойт эч усталыгын,
Билсек да мезгилдердин кысмалыгын.
Шашууну адат кылып алгандайбыз,
Капарга албай өмүр кыскалыгын.
Үмүткө жетүү үчүн тездептирбиз,
Жаштыкты жаштык кылып сезбептирбиз.
Ал күнгө бир кайрылуу жолу болсо,
Азыр биз баарын кайра бермектирбиз.
МЕН СЕНИ УНУТУУНУ УНУТУПМУН
Сүйүүнүн чиеленген себебине,
Санааркап сабылуунун кереги не?
Сени мен чыгарам деп жүрөгүмдөн,
Сактапмын бекем кайра тереңине.
Арбалып адемине сулуулуктун,
Алоосун жүрөгүмдүн курутупмун.
Болду эми, унутам деп чыгынсам да,
Мен сени унутууну унутупмун.
Жаркыган аруу дүйнөң арыбасын,
Миң карап каректерим талыбасым.
Мен сени ойлобоону ойлосом да,
Кайра эле ойлорумдан табыласың.
Чырмалган чырмоок болуп, уйгак болуп,
Жүрөккө жабышсаң да буйтап коюп,
Чыныгы жашоомдо сен карматпастан,
Жүрөсүң жаш кулундай туйлап коюп.
***
Жаным азыр, мага өксүк жомоксуң.
Келчү эмес сага эч кимди жолоткум.
Сен шартыма карабастан сүйсөң да,
Мен шартыма карап жүрүп жоготтум.
Мезгилдерим унуттурбай табалап,
Менден өмүр сенсиз өтүп баратат.
Кыялымды жетелейсиң жаштыкка,
Калса дагы кыркка жашым чамалап.
Элестериң эстен чыкпай сакталып,
Эчен жылды андан бери аттадык.
Эстей жүр деп, эңсей жүр деп кеттиңби?
Эскирбеген жүрөгүмө так салып.
Арзуу күчү аттап өтүп эркиңди,
Арнап мага берип ыйык белгиңди.
Андан ары кайып болдуң жашоомдон,
Айландырып азап күнгө бейпилди.
***
Шоктук калып, токтоо тарткан кезимде,
Шоола болуп жылып кирдиң сезимге.
Шартылдаган бойдок бойдон эмессиң,
Шойконуңду токтот жүрөк, эсирбе.
Мен бир отун, а сен күйгөн жалын, от.
Күлгө айланып куйкаланам алы жок.
Күнөөлөбөйм, күлүп гана табалайм,
Сени сүйгөн жүрөгүмдүн ары жок.
Бийик сүйүү баасын ичке батырдым,
Букту бүркүп келип турат бакыргым.
Кыпынчалык бул машакат сүйүүдөн,
Куткара албайт калчанганы акылдын.
Илебинен махабаттын наз алып,
Имерилем көкүрөгүм тазарып.
Жашоо сонун, сыр сандыгы түгөнгүс,
Жүрөгүм мас, боз уландай жасанып.
ДИЛДЕГИ ОЙ Тагдырым туш кылган соң бөлүүлөргө,
Өмүрүм өгөй жерде өрүлөөдө.
Кусага баткан жүрөк дабасына,
Өлкөмдөн өтөөрү жок көрүнөөргө.
Жашоодон башкы күткөн эңсөөм Мекен!
Эртелеп айдыңыңды көрсөм экен.
Көкөйдө көлбүп жаткан көп нерсе бар,
Тоолорго кеңеш салып бөлсөм деген.
Тезинен мен бул жайдан кетүүм керек,
Томсортпой максаттарга жетүүм керек.
Түпөйүл болуп дүйнөм түркүн ойдон,
Тоосу жок жерде жүрөм жетимсиреп.
Чет жерге жумуш издеп мен да актым,
Турмушка туура келген жайды таптым.
А бирок, жүрөгүмдү тыңшап көрсөм,
Тоолорсуз толук эмес менин бактым.
Сыр катып катмарланып жайылбаган,
Тоолорду бабаларым байырлаган.
Ала тоом алп мурасым анткени ал,
Атамдын аманаты дайындаган.
Эгемен эл болгону Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөгө тааныш миграция деген көйгөйдөн башыбыз чыкпай келе жатпайбы. Мен дагы Орусиянын ар кыл шаарларында иштеп жүрдүм. Ошондо эл-жерге, ата-конушка болгон сагыныч ырлардын далайы чыкты. Бул ыр дагы ошол учурларда Самара шаарында жазылган мекенге болгон кусалуу чыгармалардын бири.
***
Шыдыр эле, шыңгыр эле күлгөнүң,
Шайдоот эле, шатман эле жүргөнүң.
Шашып калдым кокус көрүп түрүңдү,
Сүрдүү жанга айланыптыр сүлдөрүң.
Ойноок көзүң ойлуу көзгө алмашкан,
Шыр мүнөзгө оор басырык жармашкан.
Таттуу кыял, таттуу болбой жашоодо,
Тагдыр менен тайгак жолдо кармашкан.
Сыр алдыргың келбесе да сыртыңдан,
Сезип турдум жан дүйнөңдү кырчылган.
Бул жашоодо максаттардын жолу оор,
Чөкпө курсташ, нени көрбөйт кырчын жан.
Тагдыр таш боор - чөгөлөтөт чөккөндү,
Тагдыр сыйкор - көкөлөтөт көпкөндү.
Чөккөн кез да, көпкөн кез да эскирет,
Дагы далай күндөрүң бар көктөмдүү.
Былтыр күтүүсүз жерден бир курсташымды учуратып калдым. Кыйналган кебетесин көрүп тааныгым келбей турду. Сагынычтуу учурашуубуз кыска болду. Андан да кыска убакыт ал-акыбал сурашып эки жакка шашылыш кеттик. Балким, бири-бирибизди ушундай кырдаалда кездештиргибиз келген жок. Атайын жолугушуу уюштуруп өткөн-кеткен студенттик таттуу турмуштан кеп козгоп шашпай отурууну көңүлүбүз каалаганга болсо керек. Тагдыр нугу ар кыл өңүткө агаары көөдөндү дүңкүйтүп ойлуу кетип бара жатып ушул ыр жаралды.