Бүгүн, 21-июнда өкмөт үйүнүн алдында "Ош базарынын" айрым соодагерлери митингге чыгышты. Алар мыйзамсыз соода-сатык мафиясынын өкүлдөрү жазага тартылуусун талап кылышты.
Нааразычылык билдиргендер "Сатылган соттон эл тажады", "Ош базарынын" мафиясы Дилянын уюшкан тобу жазасын алсын" деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.