Бүгүн, 21-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштери боюнча сот отуруму болуп өттү. Соттун жүрүшүндө айыпталуучу күнөөлүү эместигин жана бардык иштер жасалмаланганын айтты.
Кийинки сот отуруму 24-июнга белгиленди.
Белгилей кетсек, буга чейин иликтөөчү журналист Болот Темировго 4 берене (баңгизаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, документтерди жасалмалоо, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана жасалма аскердик күбөлүктү пайдалануу) боюнча айып тагылып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылган.