Аскар Акаев "Жоогазын революциясынын" авторун атады

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев "Жоогазын революциясын" АКШ уюштурган мамлекеттик төңкөрүш деп атады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Ал Казакстан өлкөсүнүн чакыруусу менен Алматыдагы "Өзгөрүүлөр доорунда жашоо" аталышындагы интеллектуалдык иш-чарада 2005-жылдагы Кыргызстандагы төңкөрүштү АКШ уюштурганын айтты.

Ошондой эле ал 1990-жылдары Кыргызстандын өнүгүү темпи жакшы болгонун, ал эми көйгөйлөр 2000-жылдары жаралганын белгиледи.

"Мен бул тууралуу ачык айтып жатам. АКШнын элчиси Янг мырза айрыкча Грузия менен Украинадагы революциядан кийин мамлекеттик төңкөрүштү АКШ уюштурганын ачык айтты. Балким, мен кетип жатып ката кылгандырмын. Көпчүлүгү бул жакта калуу керектигин айтышат. Бирок мен өзүмдүн атымды кандуу окуя менен байланыштыра албайм деп чечтим. Өлкөдөн кетүүнү чечтим жана буга өкүнбөйм", - деп билдирген Акаев.

Белгилей кетсек, бир күн мурун Аскар Акаев Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолугушууга жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан