Токтогул суу сактагычында балык корлоруна тор салгандар кармалды

Токтогул суу сактагычында балык корлоруна зыян алып келген 5500 метр тор чыгарылып, мыйзамсыз тор салып жүргөндөр кармалды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан кабарлашкандай, синтетикалык торлор белгиленген тартипте жок кылынды.
Ошондой эле 3 жаран кармалып жеринде торлор алынып, тиешелүү кагаздар толтурулду.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Токтогул районунун Токтогул суу сактагычында балык корун коргоо, өсүмдүктөр дүйнөсүн сактоо жана браконьерликке каршы атайын иш-чаралар жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун аймактарында жергиликтүү тургундарга жаратылышка аяр мамиле кылуу жана жаныбарлар, өсүмдүктөр, балык корун сактоо жана коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан