Ош облусундагы Алай районуна караштуу Гүлчө-Октябрь жолунун Көк-Кыя тилкесинде жер чөгүп, каттам токтоду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-июнда болжол менен саат 14:40та нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Октябрь айылындагы ички чарбалык жолдорду жеп, каттам кыйындаган.
"Аталган айылдагы Дербиш тилкесине өтүүчү ички чарбалык жолдун болжол менен 80 метрин жууп кеткен. Ошондой эле көпүрөнүн каптал бетин суу жеп, жер катмарынын көчүп кетүү коркунучу бар.
Жерине 1 техника жана 8 кызматкер тартылды", - деп айтылат маалыматта.