Министрлер кабинети Бишкектеги №47 мекеме боюнча акыркы чечимди чыгарды

Министрлер кабинети Бишкектеги №47 мекеме боюнча акыркы чечимди чыгарды. Жазаларды аткаруу кызматынан кабарлашкандай, министрлер кабинети 10-июнда "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №47 мекемесин жоюу жөнүндө" токтому кабыл алынган.

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, Жазаларды аткаруу кызматы төмөнкүлөргө милдеттүү:

* №47 мекеменин кызматкерлерин бошотуу жана кызматкерлерди андан ары тейлөө, зарыл болгон төлөмдөрдү төлөө маселелерин чечүү;

* финансылык, инвентардык активдерди, анын ичинде кара металлды өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырууга;

* соттолгондорду жана №47 мекемеде кармалгандарды коопсуздук чараларын камсыз кылуу менен ЖАКнын тиешелүү мекемелерине өткөрүп берүү;

* мекемени жоюуга жана тиешелүү кесиптик-техникалык окуу жайын башка жерге көчүрүүгө байланыштуу башка иштерди жүргүзүү.

Ошондой эле атайын жоюу комиссиясын түзүү тапшырылды. Анын курамына ЖАКнын жетекчилигинен жана тиешелүү түзүмдөрүнөн тышкары президенттин администрациясынын кырдаал борборунун жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү кирди.

Комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:

* №47 мекеменин финансылык милдеттенмелерине, анын ичинде Социалдык фондго болгон карыздарына байланыштуу маселелерди чечет;

* №47 мекеменин мүлкүн эсепке алуу;

* №47 мекеменин жоюу балансын түзүү жана аны министрлер кабинетинин бекитүүсүнө киргизүү;

* жарандык жана жазык мыйзамдарына ылайык башка чараларды көрүүгө, ошондой эле Юстиция министрлигине бардык чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан