Бишкекте балдар үчүн спорттук оюн аянтчасы ачылды (фото)

Бишкектеги Айни көчөсүндөгү үйдүн короосунда балдар үчүн спорттук оюн аянтчасынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдардын спорттук жана оюн аянтчасынын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Ашимов жана Ленин районунун акими Русланбек Тагаев катышты.

"Келген коноктор балдарды жана шаар тургундарын заманбап, көп функционалдуу балдар аянтчасынын ачылышы менен куттукташты. Тургундар жаңы аянтчага, жабдууларга аяр мамиле кылыш керектигин белгилешти. Аянтчанын ачылышы майрамдык программа менен коштолду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан