Ноябрга чейин өлкөгө кантты ташып келүүдө бажы алымдары алынбайт

Бүгүн Минск шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезексиз жыйыны өттү. Анда 6 маселе каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы астында өттү.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер:

* Айыл чарба жабдууларынын айрым түрлөрүнө Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын коюмдарын белгилөө жөнүндө чечим кабыл алынды;

* 2022-жылдын 31-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагына кантты жана чийки кант камышын ташып кирүүдө бажы алымдарын нөлгө түшүрүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алынды;

* ЕЭК Кеңешинин кезектеги отуруму июль айында Беларустун Витебск шаарында өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан