Бакыт Төрөбаев: "Кыргызстан чет элдик инвесторлордун демилгелерин ар дайым колдойт"

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев "Expo-Russia Kyrgyzstan 2022" / "Expo Eurasia - 2022" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн жана Бишкек бизнес форумунун ачылышына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министр аталган иш-чара эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары чыңдоого кызмат кыларын белгиледи.

"Өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү, биздин маалымат боюнча, 2285,4 миллион АКШ долларын түздү. Биз ата мекендик экономиканы ырааттуу өнүктүрүү үчүн алдыңкы технологияларды жана орусиялык компаниялардын менеджментин тартууга кызыкдарбыз. Бизде орусиялык бизнеске сунуштай турган нерселерибиз бар. Биз жаңы сунуштарга жана долбоорлорго ачыкпыз. Кыргыз Республикасы ак ниеттүү чет элдик инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун ар дайым колдойт жана аларды андан ары ишке ашырууга максималдуу көмөк көрсөтүүгө даяр", - деп билдирген Төрөбаев.

200дөн ашуун компания катышып жаткан көргөзмө эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө көмөктөшүү максатында уюштурулган.

Орусиянын жана Кыргызстандын ишканаларынын экспозицияларында эл чарбасынын бардык тармактарындагы инновациялык продукциялар жана иштеп чыгуулар коюлганы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан