Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети 2-декабрдагы жыйынында 2013-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү тууралуу маселени кароону жылдырды. Жыйында айрым депутаттар каржы министри Ольга Лаврова жок бул маселени кароонун кажети жоктугун айтышты. Комитет төрагасы карай берүүнү сунуштап, жыйынтыгында каралбай турган болду.