Мектептерге электрондук каттоонун экинчи этабы 27-июнда башталат. Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашкандай, каттоо саат 09:00дө старт алат.Калаа башкармалыгынан бош орундар бар бардык мектептерге каттоо ачыларын белгилешет.
"Ата-энелер жашаган жерине карабастан бош орундар бар мектепке балдарын каттай алат. Болгону алар мыйзамдуу жашаган жери боюнча каттоодон өтүшү керек. Ал эми "Мектепке электрондук кабыл алуу" программасына катталган ата-энелер жеке кабинети аркылуу мектепти алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат", - деп айтылат маалыматта.