Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйыны өттү. Анда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Евразиялык биримдиктин экономикалык жана финансылык туруктуулугун камсыздоо үчүн бир катар ыкчам чараларды сунуштады.
"Биринчиден, кыска мөөнөттүү келечекте ЕАЭБ ички рыногунда социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын тартыштыгына байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыруу механизмдерин киргизүү зарыл. Кеп, биринчи кезекте жеке рынокту толтурууну эске алуу менен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча макулдашылган саясаттын механизмдери жөнүндө болуп жатат.
Экинчиден, бүгүнкү күндө Кыргызстанда өндүрүлгөн текстиль товарларынын сапаты жана дизайны белгилүү фирмалык кийим-кече өндүрүүчүлөрдөн кем калышпайт. Экологиялык жактан таза балдар тамак-ашын өндүрүү, машина курууну өнүктүрүү, лифт жабдууларын жана тетиктерин чыгаруу боюнча долбоорлорго катышууга даяр ишканалар бар. Буга байланыштуу Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарында кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү тууралуу бүгүн кабыл алынып жаткан чечимибиз абдан туура", - деди Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасынын пикиринде, кийинки приоритеттүү чара бирикмеге мүчө-өлкөлөрдүн финансы рыногунун жана экономикасынын тышкы таасирлерге туруктуулугун бекемдөө жана финансылык ресурстарды натыйжалуу мобилизациялоо жана инвестициялоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.