АКШнын президенти Жо Байден велосипед менен сейилдеп жүрүп, кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Видеодон көрүнгөндөй, Жо Байден велосипедин токтотуп жатып, буту педалына такалып калып кулап түшкөн. Жанындагы адамдар аны тургузууга жардам беришкен. Байден баары жакшы экенин, жаракат албаганын билдирген.