Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековдун Роза Айтматованын колун өөп жаткан сүрөтү талкуу жаратууда. Интернет колдонуучулардын көбү аялзатына болгон сый-урматтын белгиси дешсе, айрымдары терс пикирлерин да айтышууда.
Талкуу жараткан сүрөт бүгүн, 21-июнда борбор калаабызда жаңы форматка ылайыкталып оңдоп-түзөөдөн өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы китепкананын ачылышында тартылган. Бул туурасында депутаттын өзү менен байланышканыбызда маалым болду.
"Китепкананы жаңылоого 2 миллион сомдой каражат сарпталып, аябай жакшы жасалыптыр. Китепкананын ачылыш салтанатына Роза Айтматова да барды. Иш-чарада мага сөз берилип, сөз сүйлөөгө чыгып бара жатып Роза эжекебиз менен учурашып, колунан өөп койгом. Ошол учурду илип калышыптыр", - дейт эл өкүлү.