Бир түндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова 21-июнда Ынтымак-2 сейил багында калың элге ырдап берди. Көпчүлүктүн алкоосуна татыган келин бүгүн өнөр баалаган элге атайын ырдап берүүнү чечип, аталган сейил бакка күйөрмандарын чогултту. Анда Бегимай айым чет элдик белгилүү хиттерден тартып, кыргызча ырларга чейин обон созду.
Эске салсак, 18-июнда Бишкектеги Ынтымак-2 сейил багында "Титаник" тасмасындагы "My Heart Will Go On" аттуу ырды жандуу үн менен ырдаган келиндин видеосу интернет айдыңында желдей тарап, көпчүлүктү суктандырган.
Көп өтпөй SUPER.KG порталы бир түндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова менен маек курган.