Баткенде 5 социалдык мекемеде сел калдыктары тазаланды

Баткенде 5 социалдык объектте сел калдыктары тазаланып бүткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, Кызыл-Кыя шаарында 18-июнь күнү катуу жааган жаандан улам келген сел суулары 7 социалдык объект жана 224 турак үйдүн короолоруна жана жер төлөсүнө кирген.
"Кырдаалга байланыштуу ӨКМнын үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан тартылган куткаруучулар тарабынан 5 социалдык объектте тазалоо иштери жыйынтыкталып, 2 мекемеде жумуш уланууда. Ал эми турак үйлөр дээрлик тазаланып бүткөрүлүп, 10 турак үйдө жумуш аткарылып жатат", - деп жазылат маалыматта.
Маалымат үчүн: Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу селден кийинки тазалоо иштерине Айдаркен, Баткен жана Кадамжай райондорунан кошумча күч катары куткаруучулар тартылып, жалпы 12 техника, 9 мотопомпа жана ӨКМдан 117, ыктыярдуу жарандардан 110 куткаруучу иш алып барууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан