Кара-Балта шаарында суудан 47 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматта жазылат.
Андагы маалыматка ылайык, Кара-Балта шаарынын Чапаев көчөсүндөгү сууда 1975-жылы туулган А.А. аттуу аялдын денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 3 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.