Мамлекеттик ипотекалык компания депутаттын коррупциялык схема боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды

Мамлекеттик ипотекалык компания Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин компаниядагы коррупциялык схема боюнча билдирүүсүнө түшүндүрмө беришти. Бул туурасында компаниянын баракчасында жарыяланды.
Маалым болгондой, 2020-жылдын 10-августунан тартып МИК жарандардын кайрылууларын кароонун электрондук формасына өткөн.
"Бул бюрократиялык жана башка чыгымдарды кыскартууга жана коррупциялык компонентти толугу менен жоюуга мүмкүндүк берди. Анткени электрондук портал жаранды каттоо, арызды жөнөтүү, өнөктөш банктар тарабынан арызды кабыл алуу жана бекитүү датасын жана убактысын көрсөтүү менен арыздын ар бир кадамын каттаган веб-сервис катары иштелип чыккан. Бардык процесстер SMS билдирүүлөр түрүндөгү эскертүүлөр менен коштолот.
Натыйжада Кыргызстандын ар бир жараны компаниянын www.portal.gik.kg электрондук порталындагы өзүнүн жеке кабинетинде электрондук кайрылууну кароонун ар бир этабын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Мамлекеттик турак жай программасынын катышуучусу болуу үчүн арыз берүү жана аны бекитүү процессинде артыкчылык жок", - деп айтылат маалыматта.
МИКтин электрондук порталына киргизилгенден бери 39 миңден ашык жаран алгачкы каттоону баштаса, бүгүнкү күндө алардын 18 миңи гана толук каттоодон өткөн. Калган 21 миң жаран кийинки каттоону убактылуу токтотту. Толук каттоодон өткөн 18 миң жарандын 12 миң 300ү жактырылып, турак жай программасына катышуучулардын тизмесине киргизилди, калгандары арыздарды кароо стадиясында.
"Турак жай программасына катышуучулардын тизмесине киргизилгенден кийин жарандар банкка кайрылуу убактысын өздөрү аныкташат. Башкача айтканда, жаран турак жай программасына катышуучулардын тизмесине киргенден кийин 3 жылдын ичинде ипотекалык насыя алуу үчүн банкка кайрыла алат. Турак жай программасы же тизмеге киргенден кийин дароо банк менен байланыша алат.
Мисалы, программанын 12,3 миң катышуучусунун ичинен 4 миңи ипотекалык насыя алуу үчүн банктарга кайрылышкан. Башкача айтканда, ипотекалык насыя алуу мүмкүнчүлүгү бар жарандардын жалпы санынын 35 пайызы гана.
Мамлекеттик ипотекалык кредитти алуунун электрондук ырааттуулугу МИКтин өнөктөш банктарына кайрылгандан кийин программанын катышуучусу банкка кайрылуунун убактысы жана датасы боюнча автоматтык түрдө түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Ошону менен бирге министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, «Менин үйүм 2021-2026» программасына катышууга артыкчылык укугу төмөнкүлөргө берилет:
  • 5 же андан көп баласы бар көп балалуу үй-бүлөлөр;
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды тарбиялап жаткан, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын камкорчусу болгон адамдар;
  • жашы жете элек баласы/балдары бир гана ата-энеси тарабынан тарбияланган толук эмес үй-бүлөлөр;
  • республиканын бийик тоолуу, барууга кыйын алыскы райондорунун жана чек арага жакын райондорунун татаал, жагымсыз табигый-климаттык шарттарында жашаган жана иштеген жаш адистер (дарыгерлер, мугалимдер, социалдык кызматкерлер).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан