Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов кесиптеши Жеңишбек Токторбаевге ыраазычылык билдирүүнү сунуштады.
"Өткөндөгү жыйында кесиптешибиз Жеңишбек Токторбаев "Кумтөр" боюнча маселе көтөрдү эле. Азыркы "Кумтөрдүн" жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн мамлекеттин акчасын сарптап, менчик имаратты 50 миң долларга ижарага алганын катуу сындап чыккан. Президентибиз Садыр Нургожоевич Теңгиз Бөлтүрүккө эскертүүлөрдү берип, азыркы кезде алар Жогорку Кеңештин эски гаражына өтүптүр. Бул адилетүүлүктүн белгиси. Бул үчүн Жеңишбек Шермаматовичке ыраазычылык айтып койсок болот эле", - дейт депутат.
Белгилей кетсек, буга чейин депутат Жеңишбек Токторбаев “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги Бишкектин борборундагы имаратты 50 миң доллардан кем эмес акчага ижарага алып жатканын билдирген.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Кумтөрдүн” гаражы жеке жактан мамлекеттик гаражга (Жогорку Кеңештин мурдагы гаражына) көчүрүлгөнүн билдирген.