реклама
super.kg logo

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн акыйкатчысы Атыр Абдрахматованы кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн акыйкатчысы Атыр Абдрахматованы кабыл алды. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун актуалдуу маселелери, Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Акыйкатчы мамлекет башчысына көп жылдан бери акыйкаттыкка жетпей жүргөн жарандардын жеке жана жамааттык иштери тууралуу маалымат берди. Ал адам укуктары бузулган конкреттүү учурларына токтолуп, кайрылмандарга документ берүү, аларды коомго аралаштыруу жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын иши жетишсиз экенин белгиледи.

Мындан тышкары Атыр Абдрахматова быйыл Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын түптөлгөнүнө 20 жыл толо турганын айтып, буга карата Бириккен улуттар уюмунун сунуштамаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын макамын Париж прициптерине толук ылайык келтирүү максатында жаңы конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы күтүлүп жатканын белгиледи.

Ошону менен бирге ал жакын арада түзүү пландалып жаткан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына караштуу адам укуктары боюнча регионалдык институтунун концепциясы менен тааныштырды.

Президент Садыр Жапаров Акыйкатчы институтунун адамдын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо ишин чыңдоо, мыйзамдын бардык тарабынан аткарылышы жана урматталышы принциптерин жылдыруу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы адамдын жана жарандын укуктарын коргоо боюнча комплекстүү жана теске салынган чараларды жүргүзүү – элге кызмат кылуунун негизги талабы экенин билдирип, жарандарыбыздын көйгөйлөрү жеринен так, өз учурунда мыйзамдуу чечилишин бардык мамлекеттик түзүмдөрдөн талап кылынганын баса белгиледи.

Жолугушууда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы боюнча дүйнөлүк коомчулуктагы мамлекеттин даражасын жогорулатуу жана Борбор Азиядагы мамлекеттердин укук коргоочуларынын эл аралык стандарттарга умтулуусун кубаттоо менен биргеликте алдынкы практикаларды жайылтуу иш-чаралары макулдашылды.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192778;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: