Кара-Балтада аял кишинин башы жок денеси табылды

Кара-Балта шаарында дренаждан 47 жаштагы аял кишинин башы жок денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-июнь күнү милицияга Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан дренаждан аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Көрсөтүлгөн дарекке милиция кызматкерлери барганда зомбулуктан каза болгон аялдын жансыз денеси табылган, ал жерде өлүктү кароо учурунда башы жок болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, маркумдун аты-жөнү такталып, ал 1975-жылы туулган А.А. аттуу жаран экени аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан