"Кымбатыраак болот". Коомдук транспорттордо накталай төлөм жүргүзүүгө уруксат берүү каралууда

Бишкек шаарынын коомдук муниципалдык транспортунда, тагыраагы автобус жана троллейбустарда накталай төлөм жүргүзүүгө уруксат берүү каралууда. Бул тууралуу Транспорт департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу билдирди.

Анын айтымында, кеңешмеде автобус жана троллейбустарда жол кире акысын накталай төлөөгө уруксат берүү сунушталган. Азырынча чечимдер чыга элек.

Ошондой эле ал накталай төлөм жүргүзүүгө уруксат бериле турган болсо, жол кире акысында айырмачылыктар болорун эскертип, башка коңшу өлкөлөрдө дагы мындай айырмачылыктар бар экенин кошумчалады.

"Автобустарда жана троллейбустарда жол кире акысы накталай төөнсө, 15 сомду түзүшү мүмкүн. А эгер карта менен төлөнсө 11 сом эле болот", - деди Нурбек Сагынбек уулу.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаардык мэриясынан 1-июлдан тарта автобус, троллейбустарда накталай төлөмдөр жокко чыгарылары кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан